БОКАРЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́КАРЕВ Иван Васильевич (1923-ж. т., Казакстан, Алматы обл., Аксуу р-ну, Бакалы кыш.) – Даӊк орденинин толук кавалери. 1934жылдан Кырг-ндын аймагындагы Кемин р-нунун Боролдой кыш-нда жашаган. Согушка чейин ошол жерде колхоздо комбайнчы болуп иштеген. 1943-ж. Сов. Армиянын катарына чакырылган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ал аткычтар полкунун чалгынчылар взводунда

18*


бөлүмчөнүн командири болгон. Биринчи Украин фронтунда согушуп, Украинанын сол жээгин, Запорожьени бошотууга, Львов-Сандомир операциясына катышкан. Луцк ж-а Житомир ш-ларын бошотууда ж-а Польшадагы ийгиликтүү чалгындоо операциясы үчүн ал 1944–45-ж. үч жолу Даӊк ордени (1944-ж. 28-август, ошол эле жылы 21-октябрда, 1945-ж. 14-март) м-н сыйланган. Согуштан кийин респнын чарба иштеринде эмгектенген.