БОКСИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОКСИ́Т (фр. baхite, Франциядагы Ле-Бо деген жердин атынан) – негизинен алюминий гидроксидинен (35–85%), чопо м-н карбонаттуу минералдардын кошундуларынан, темир, кремний ж-а титандын бирикмелеринен турган чөкмө тоотек. Б-ти түзүүчү минералдарга диаспор, бемит,

гиббсит, гётит, гидрогётит, гидрогематит, каолинит, хлориттер, кальцит, галлуазит ж. б. кирет. Өӊү ар түрдүү, көбүнчө кызыл, боз. Климаты нымдуу келген тропиктик шартта жегичтүү, кычкылдуу, кээде негиздүү тоотектердин латериттик талкалануу процессинен ж-а көл м-н деӊиздерде чөкмө түрүндө пайда болот. Ири кендери Урал, Сибирь, Казакстан ж. б.; чет өлкөлөрдө – Венгрия, Румыния, Франция, Индия, Гана, Америка (Ямайка, Гайяна, Бразилия) ж. б. жерлерде бар. Б. – алюминийдин негизги кенташы (к. Алюминий кенташтары). О. эле ал боёк, цемент жасоодо ж-а металлургия м-н нефть өнөржайында пайдаланылат.