БОЛЕРО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛЕРО́ – испан эл бийи. 18-к-дын акырында пайда болгон. Жеке же эки киши орто ылдамдыкта бийлейт. Б. опера ж-а балетте да пайдаланылган. Адатта кастаньетта м-н гитаранын үнү коштойт. Көп композиторлор Б-го кайрылып, анын ыргагында романстарды, арияларды, аспаптык пьесаларды ж-а симф. поэмаларды жаратышкан. Өзгөчө белгилүүсү М. Равелдин оркестр үчүн «Болеросу».