БОЛИВАР
БОЛИ́ВАР Симон (24.7.1783, Венесуэла, Каракас, – 17.12.1830, Колумбия, Санта-Марта) – Америкадагы Испания колонияларынын көзкаранды эместиги үчүн күрөштүн жетекчилеринин бири. Жаш курагын Европада өткөргөн. Мекенине кайтып келген Б. Венесуэлада испан үстөмдүгүн кулатып, аны республика (1811) деп жарыялоого активдүү катышкан. Респны испандыктар кыйратк ан с оӊ Жаӊы Гранадага (азыркы Колумбия) кетет. 1813-ж. Б-дын аскерлери Каракасты алып, өзү башында турган 2-Венес уэла рес п-сын т үзөт . 1813-ж. Венесуэланын Улуттук конгресси тарабынан « Б о ш то н д укка чыгару учу» деп жа р ы я л ан ган .

Бирок ал 1814-ж. жеӊилүүгө учурап, мекенин таштап кетүүгө аргасыз болот. 1816-ж. Б-дын аскерлери кайрадан Венесуэлага келишет. Анын кулчулукту жоюу (1816) ж-а аскерлерге жер бөлүп берүү (1817) декреттери жалпы элдин колдоосуна ээ болот. 1819-ж. Б-дын аскерлери Жаӊы Гранаданы бошотуп, курамына Венесуэла ж-а Жаӊы Гранада кирген Улуу Колумбия Респ-сын түзөт. Б. анын президенти болуп шайланат. 1824-ж. Б. Перуну испандыктардан бошотуп, Жогорку Перуда анын урматына аталган Боливия Респ-сын башкарып калат. Латын америкалык жаш мамлекеттерди бириктирүүгө аракеттенген Б-дын планы иш жүзүнө ашпай калат. Өлкөдө башталган сепаратисттик кыймылдар Б-дын бийлигинин кулашына алып келген ж-а анын натыйжасында 1830-ж. Б. отставкага кетет.