БОЛМУШ ЖАНА АӉСЕЗИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛМУШ ЖАНА АӉСЕЗИМ – философиянын борб. башкы категориялары. Болмуш (бытие) – конкреттүү мейкиндикте ж-а убакытта жашаган бир реалдуулукту белгилөө үчүн колдонулган филос. термин. Марксизмдин дүйнөтааным теориясында Б. (материя, материализм) ж-а А. (идея, идеализм) филос. акыл-ойдун дүйнөлүк өнүгүү негизинде жаткан эки карама-каршы багыттардын (материализм–идеализм) концепциялары катары мүнөздөлөт. Материализм окуусунда болмуштун (Б.) негизин материя түзөт десе, идеализм, тескерисинче, Б-тун негизи идея (абсолюттук идея, рух) деп эсептейт. Б. түшүнүгү метафизиканын өзгөчө бөлүгү – онтологиянын (Б. тууралуу окуунун) иликтөө айдыӊы (предмети). Б. – бул жашоо, ал – бар чындык, болгон реалдуулук. “Б.” түшүнүгү байыркы коомдо адамдар өздөрүн курчап турган дүйнө ж-дө э ӊ ж а л п ы к ө з к а р а ш түзүү аракеттеринен улам келип чыкканын болжолдошот. Философтор Б-тун мазмунун субстанция (дүйнөбашат, бардыктын башталмасы, түпмаӊыз) м-н бир катарда карашкан. Тарыхта Б. идеясын алгач байыркы грек ойчулу Парменид алып чыккан. Ал Б-ту «субстанция» м-н окшош, төп маанилеш катары караган. Анын ою б-ча Б. гана бар. Жок нерсе (небытие) деген жок нерсе. Аны аӊдоого болбойт, андай жок нерсе тууралуу элестөө да мүмкүн эмес. Б. жаралбайт, жок да болбойт. Демокрит Б-тун негизин атомдор түзөт десе, Платон идеялар дүйнөсү анын чыныгы (реалдуу), түбөлүк, өзгөрбөс касиети ж-а сапаты деп атаган. Жаӊы заман мезгилинде бул олуттуу түшүнүк башкача өӊүттөн карала баштаган. И. Канттын болмуш м-н түпмаӊызды (субстанцияны) өз-өзүнчө бөлүп карашы, адамдын ишаракетиндеги таанымды ж-а практикалык чөйрөлөрдү маани-маӊызына дейре ажырымдоого алып келген. Г. Гегелдин ырастоосунда Б. ж-а ойлоо (мышление) категориялары маӊызы б-ча бипбирдей, окшош. Ойлоо ныпым жок нерседен (небытие) башталып, өзүнүн карама-каршысы – Б. категориясына өтөт. 18–19к-дагы материализм болмуш м-н материяны бипбирдей, төп деп эсептеген. 20–21-кылымдын философиясынын Э. Гуссерль, М. Шелер, Н. Гартман, М. Хайдеггер сыяктуу өкүлдөрү Б-ту жаӊы өӊүттөн, субстанция түшүнүгүнөн ажыратып карай башташты (к. Экзистенциализм). «Аӊсезим» термини – философиянын башкы түшүнүгүнүн бири, метафизиканын жуп категориясынын (болмуш ж-а аӊсезим) түгөйү. Классикалык мааниде «А.» адамдын субъективдүү тарабынын бардык жактарын (ишмердиги, эмоция, идеалдар, баалуулуктар, нормалар ж. б.) камтыйт, мына ушундай мазмунда караганда – ал идеалдуу дегенге жакын. Аӊдоо процессинде субъекттин аӊсезиминде объект гана чагылбастан, ошол нерсенин аӊдалып жатканы да кошо берилет. Тарыхтын түркүн-түрдүү циклдеринде А-дин ар аспекттеринин актуалдуулугу ар кандай болгон. 18–19-к-да А-ди иликтөөнүн мааниси негизинен билим м-н теӊелген. Ал – А. м-н мээнин, А. м-н аӊсезимсиздиктин катышы тууралуу. Азыркы учурдагы философиянын көӊүлүнүн борборунда А-дин онтологиялык жактары – А. м-н тилдин карым-катышы тууралуу проблемалар турат. М. Эдилова.