БОЙ ТУМАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:58, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (Кайра 13261 жокко Kadyrm (сюзюу)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЙ ТУМАР – 1) ар кандай оору жана кырсыктан сактайт деген ишенимде киши тагынып жүрүүчү аят. Жакшы уктай албаган балдар, боюнда бар аялдар, ар кандай ооруларга дуушар болгон жана иши жүрбөгөн адамдар (жин-перилердин таасири себепчи дешет) молдого барып, Бой тумар (дуба) жаздырып, үч бурчтук калыбына келтирип, сыртын жашыл кездеме же булгаарыдан каптап, моюнуна тагып же такай кийилүүчү кийиминин колтугуна тигип алышат. 2) кыз-келиндер көкүрөккө тагынуучу үч же төрт бурч кылып жасалган кооздук буюм.