БОЙЛЬ-МАРИОТТ ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:58, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (Кайра 13259 жокко Kadyrm (сюзюу)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЙЛЬ-МАРИО́ТТ ЗАКОНУ – газдын негизги закондорунун бири. Бул закон боюнча туруктуу температурада (Т), берилген массадагы идеалдык газдын көлөмү (V) анын басымына (Р) тескери пропорциялаш, башкача айтканда PV=const. Законду бир бири менен байланышсыз англис жана француз окумуштуулары Р. Бойль (1662-жыл) менен Э. Мариотт (1676-жыл) аныкташкан. Бул законго ылайык жүрүүчү процесс изотерма процесси деп аталат. Закон идеалдык газ үчүн так аткарылат.