«БИШКЕК МАШИНА КУРУУ ЗАВОДУ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:33, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (Кайра 13061 жокко Kadyrm (сюзюу)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БИШКЕК МАШИ́НА КУРУУ ЗАВОДУ» (БМЗ ААК) – ачык акционердик коом (1997). Бишкектеги машина куруу заводунун базасында уюшулган. БМЗ ААКты өнүктүрүү үчүн 2006-жылы заводдун 2010-жылга чейинки экономикалык өнүгүү программасы кабыл алынган. Завод КМШда токардык патрондорду, автоматтык өчүргүчтөрдү чыгаруу боюнча монополист болуп саналат. Азыркы учурда Россия, Украина, Казакстан ж. б. өлкөлөрдүн сатып алуучуларынан суроо-талаптар көп түшүүдө. Сырьё, ар кыл материалдар, комплекттөөчү буюмдар жана металл прокаттар Кыргызстандын өзүнөн тышкары Россиянын, Украинанын, Казакстандын, Молдованын 118 заводунан келет. Ошондой эле заводдун тамак-аш өнөр жайы, кайра иштетүү ишканалары, тоо-кен, геология чалгындоо, айыл чарба, машина куруу ж. б. тармактар үчүн техникалык жабдууларды, аспаптарды, минитехниканы, бардык тармактардын жабдуулары үчүн запастык бөлүктөрдү чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.