ГРЕНАДА
ГРЕНА́ДА – Кариб деӊизинин алабындагы Гренада а. м-н бирге Түш. Гренадина архипелагы ж-а Кичи Антил а. тобунда жайгашкан мамлекет. Түштүгүнөн Тринидад ж-а Тобаго, Венесуэла, түндүгүнөн Сент-Винсент ж-а Гренадина,

түн.-батышынан Барбадос м-н деӊиз аркылуу чектешет. Кариб деӊизи ж-а Атлантика океаны чулгап турат. Аянты 344 км2 (Гренада а-ныкы 311 км2). Калкы 100,0 миӊ (2015). Борбору – Сент-Жоржес ш. Мамл. тили – англис тили. Адм.-айм. жактан 7 районго бөлүнөт. Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары. Г. БУУнун (1974), Америка мамлекеттери уюмунун (1975), Латын Америка интеграция ассоциациясынын (1975), Кариб шериктештигинин мүчөсү. Г. – унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1984-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – Улуу Британиянын королевасы (анын жерг. өкүлү – генерал-губернатор). Аткаруу бийлигин премьер-

министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы ж-а Сенат). Саясий партиялары: Улуттук демокр. конгресс, Г-нын Бириккен лейбористтик партиясы, Улуттук партия, М. Бишоп атн. патриоттук кыймыл. Г-нын аймагы дээрлик субэкватордук алкакта. Жанар тоо аралдарында жайгашкандыктан, рельефи тоолуу. Гренада а-нын борб. бөлүгүн токой каптаган тоо массиви ээлеп турат. Климаты деӊиздик-субэкватордук. Жылдык орт. темп-расы 26°С. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү 1960 мм. Жаанчыл мезгил май айынан баштап октябрга чейин. Июлдан октябрга чейин катуу шамалдар (ураган) болот. Нымдуу тропик токойлуу. Калкынын улуттук курамы: негрлер – 82%, мулаттар – 13%, европалыктар м-н индейлер 5%. Калкынын көбү христиандар (католиктер – 64%, протестанттар – 22%). Шаар калкы 32%. Эмгекке жарамдуу калктын көбү тейлөө кызматында иштейт. Калкынан орт. жыштыгы 1 км2 жерге 260 киши. Ири шаарлары: Сент-Жоржес, Маркус ж. б. Байыркы мезгилдерде Г-нын аймагын индей уруулары мекендеген. Г. 1498-ж. Христофор Колумб тарабынан ачылган. 1650-жылдан европалыктар келип отурукташа баштаган. 1665-ж. Г-нын аймагын француздар колонияга айландырышкан. 1762-жылдан Г. Франция м-н Улуу Британиянын ортосунда талашка түшкөн. 1783-жылдары Версаль макулдашуусу б-ча Британияга өткөн. 17–18-к-да Г-га Африкадан кулдар алып келинип, алар кофе плантацияларында иштешкен. 1838-ж. кулчулук расмий түрдө жоюлган. 1958–62-ж. Г. Вест-Индия федерациясынын курамында, 1967-ж. Г. «Улуу Британия м-н ассоциацияланган мамлекет» деп жарыяланган. 1974-ж. 7-февралда Г. көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланган. 1979-ж. өлкөдөгү мамл.

төӊкөрүштүн натыйжасында М. Бишоп жетектеген соц. өкмөт бийликке келип, Куба ж. б. соц. мамлекеттер м-н кызматташкан. 1970-ж-дын аягында – 1980-ж-дын башында Г-га АКШ тарабынан саясий ж-а экон. бойкот жарыяланган. 1983-ж. Бишоптун өкмөтү кулатылып, өзү өлтүрүлгөн соң, Чыгыш-Кариб мамлекеттеринин колдоосу м-н АКШ Г-га кол салган. Бишоптун жакын саясатчылары камакка алынган ж-а кубалык. жумушчулар мекенине жөнөтүлгөн. 1984-ж. декабрда Г-да шайлоо өткөрүлүп, анын жыйынтыгы м-н Жаңы Улуттук партиянын лидери Г. О. Блейз башында турган өкмөт түзүлгөн. 1985-ж. чет өлкөлүк аскерлер Г. аймагынан чыгарылган. Кийинки шайлоолордо (1990, 1995, 1999, 2003) Жаңы улуттук партия ж-а Улуттук демокр. конгресс шайлоочулардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болуп, 1995-жылдан Г-нын өкмөтүн К. К. Митчелл башкарып келет. Г. – чет элдик туризм өнүккөн агр. өлкө. Офшордук зона. Ички дүң продукциянын көлөмү 1,2 млрд долларды (АКШ) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 11,2 миң доллардан туура келет. ИДПде а. ч-нын үлүшү 11,9%; өнөр жайыныкы 6,4%. Г. дүйнөдө мускат жаӊгагын өндүрүү б-ча 2-орунда турат. Мындан тышкары банан, какао-буурчак, цитрус өсүмдүктөрүн өстүрөт. Жыгач даярдоосу жакшы өнүккөнү м-н өнөр жайы начар өнүккөн (кайра иштетүү, тамак-аш, текстиль тармагы иштейт). 1993-ж. 65 млн кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн. Сыртка мускат жаӊгагын, какао, буурчак чыгарат. Сырттан азык-түлүк, отун, машина ж-а анын жабдууларын, минералдык жер семирткич, кийим-кечек алат. Туризм – өлкөнүн киреше табуусунун негизги булагы. Негизги соода шериктештери: АКШ, Улуу Британия, Тринидад жана Тобаго. Темир жол түйүнү жок, автомобиль жолу – 1000 км (а. и. 638 кми асфальтталган). Эл аралык аэропорту бар. Негизги порту – Сент-Жоржес. Аралда Вест-Индия ун-тинин факультети ачылган. Аз нускалуу бир нече гезит чыгат. Мамл. радио ж-а телестанциялар (1986) иштейт.