БИОНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (Кайра 12821 жокко Kadyrm (сюзюу)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИО́НТ (гр. bion – жашоого жөндөмдүү) – эволюциянын жүрүшүндө белгилүү бир чөйрөгө (биотопко) ыӊгайланышып жашап жаткан организм. Кургакта жана абада жашаган организмдер – аэробионттор, сууда жашаган организмдер – гидробионттор, топурактагылар – педобионттор, жаныбар жана өсүмдүк калдыгын ажыратуучулар сапробионттор деп аталат. Ал эми ар кандай чөйрөдө жашоого жөндөмдүү организмдер – эврибионттор ж. б.