ГЕЛИОТРОП
ГЕЛИОТРО́П (Heliotropium) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумунун уруусу. Анын 220 түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө 22 түрү таралган. Тоонун күнгөй бетине, курулуштун тегерегине, кээде айдоого чыгат. Гүлү майда, бурулча топ гүлгө чогулган, желекчеси ак же сыя көк. Ийилген машактуу гелиотроп – кеӊири таралган бир жылдык отоо чөп. Бийиктиги 20–40 (100) см. Кургакчылыкка чыдамдуу, дан эгиндери, гозо, зыгыр, беде ж. б. айдалган бардык аянтта кездешет. Апрелде өнүп чыгат, уругу августта бышат. Бир түп гелиотропто 3–4 миӊ урук болот. Айрым түрлөрү (мисалы, уругу түктүү гелиотроп, европа гелиотробу) уулуу, циноглоссин, гелиотрин ж-а лизокарпин алкалоиддери бар. Гелиотроптон ууккан малдын былжыр челдери саргайып, териси кургайт, жем жебейт, 7–15 күндөн кийин ичине суу толуп, денеси тырышып, башы, моюну калтырайт; канаттуулардын алы кетип, уйку басат, чычкактайт, ичинен кан өтөт. Каршы күрөшүү чаралары: коӊтормону учурунда айдоо, отоо чөптөрдү гүлдөй электе жок кылуу, дан өсүмдүктөрүнө 2,4-Д гербицидин чачуу.