ВЕГЕТАТИВ НЕРВ СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:39, 22 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕГЕТАТИ́В НЕРВ СИСТЕМАСЫ – адам жана омурткалуу жаныбардын нерв системасынын бир бөлүгү. Организмдеги бардык ткандардын функциясын, башкача айтканда кан айлануу, дем алуу, зат алмашуу, тамак сиӊирүү, бөлүп чыгаруу, көбөйүү ж. б. прцесстерди жөнгө салат. Ал бардык органдарды, ички секреция бездерин, жүрөктү, скелет булчуӊдарын ж. б. нервдештирип, булчуӊдагы зат алмашууну башкарат. Сүт эмүүчүлөрдүн вегетатив нерв системасынын түзүлүшү жана кызматы жакшы изилденген. Анын жардамы менен организмдин ички чөйрөсүнүн туруктуулугу сакталат. Вегетитв нерв системасы анатомиялык . түзүлүшү жана кызматы боюнча симпат (СНС), парасимпат (ПНС) жана метасимпат (МНС) болуп бөлүнөт. Симпат жана парасимпат борборунун аткарган иштери жүлүн, каракуш мээ, гипоталамус, алдыӊкы мээнин жана нерв системасынын жогорку борбору болгон мээ кыртышындагы борбор аркылуу жөнгө салынат. Вегетатив нерв системасынын талчалары мээ сүмбөсү менен жүлүндүн белгилүү гана бөлүктөрүнөн башталып, нервдештирүүчү органдарга жетет. Анатомиялык түзүлүшү боюнча борбордук жана четки бөлүктөн турат. Анын борбордук бөлүгүнө

Адамдын вегетатив нерв системасынын түзүлүш схемасы.
Жүлүндүн I моюн, II көкүрөк, III бел, IV куймулчак бөлүгү.
Көк түс менен – парасимпат, кызыл менен симпат нерв системасы берилген.

мээ сүмбөсүндө жайгашкан III, VII, IX, X мээ нервдеринин парасимпат, жүлүндүн каптал түркүгүндөгү симпат жана жүлүндүн куймулчак бөлүгүнөн орун алган парасимпат борборлору кирет. Ал эми четки бөлүгүн вегетатив нервдер, алардын бутактары, вегетатив түйүндөр жана вегетатив чатыштар түзөт. Организмде симпат жана парасимпат нервдери бири-бирине карама-каршы кызмат аткарат. Мисалы, симпат нерв талчаларынын таасиринен жүрөктүн согуусу ылдамдайт, кан тамырлар тарыйт; тескерисинче парасимпат нерв талчаларынын таасиринен жүрөктүн согуусу басаӊдайт, начарлайт, кан тамырлар кеӊейет. Симпат нерв талчалары ичеги-карындын жыйрылышын жайлатса, парасимпат нерв талчалары тескерисинче аны тездетет. Эмоциялык абалда Вегетатив нерв системасынын таасири менен ички секреция бездери дүүлүгүп, адреналин, гипофиз жана калкан сымал бездердин гормондору көп бөлүнөт.