ВЕТЕРИНАРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 22 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕТЕРИНА́РИЯ , в е т е р и н а р и я м е д и ц и н а с ы (лат. veterinarius – мал дарылоочу) – жаныбар ылаӊдарын изилдөөчү, ага каршы күрөшүү чараларын, адамды зооноздордон сактоо ыкмаларын иштеп чыгуучу, малдан ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген сапаттуу продукт алууга багытталган илимдер системасы. Ветеринария биологиялык илимдер циклине кирип, медицина, физика, химия ж. б. илимдердин жетишкендиктерин пайдаланат. Ветеринария шарттуу түрдө үч топко бөлүнөт: 1) ветеринариялык-биологиялык дисциплиналар (анатомия, гистология, патологиялык физиология, фармакология, ветеринариялык микробиология, ветеринариялык вирусология ж. б.); соо ж-а ылаӊдаган жаныбарлардын дене түзүлүшүн, физиологиясын, дары-дармектердин таасирин ж. б. изилдейт; 2) клиникалык дисциплиналар (эпизоотология ж-а жугуштуу ылаӊдар, паразитология ж-а инвазиялык ылаӊдар, ички жугушсуз ылаӊдар, ветеринариялык хирургия, акушерлик, гинекология ж. б.), ал жаныбарлардын ар түрдүү ылаӊдарын изилдейт, аларга диагноз коюунун жолдорун тактайт, алдын алуу ж-а жок кылуу ыкмаларын табат; 3) ветеринариялык-санитариялык топ (ветеринариялык-санитария, зоогигиена, ветеринариялык-экспертиза ж. б.) айлана-чөйрөнүн жаныбарларга тийгизген таасирин, малдын кунардуулугун жогорулатуу ж-а алардан алынган продуктулардын сапатын көтөрүүнүн жолдорун изилдейт. Мал ылаӊдарын дарылоо жөнүндөгү маалыматтар б. з. ч. 4-кылымга таандык (Египет, Индия), кийин Грекияга, Римге, Араб мамлекеттерине таралган. Ветеринария медицина м-н тыгыз байланышта болуп, тез өнүккөн, 18-кылымдын экинчи жарымында ветеринария мектептери Францияда, Германияда, Австрияда ачылган. 19-кылымдын башында ветеринария жөнүндө алгачкы гезит-журналдар жарык көрө баштаган. Ветеринариянын өнүгүшүнө Л. Пастер, Р. Кох, П. Эрлих, И. И. Мечников ж-а алардын окуучуларынын кошкон салымы чоӊ. Кыргыз эли байыртадан эле мал ылаӊдары м-н күрөшүп келишкен. Мисалы, сакоо м-н ылаӊдаган жылкынын ириӊ тепкен лимфа бездерин учтуу, курч бычак м-н жарып, ириӊин соо кулундун эринине сүйкөп, эмдөө жүргүзгөн.. Алар жеӊилирээк ооруп, сакоого каршы туруктуулук (иммунитет) пайда болгон. Койдун кара аксагын көк ташты күйгүзүп дарылаган же куйрук майды ысытып жара болгон жерге басышкан. Шарпка чалдыккан уйдун оозун кайнатма туздун эритмеси м-н чайкашкан. Желе куртка дуушар болгон жылкыны бекем таӊып, ириӊдеген жерин жарып, үстүн кызарта ысытылган жалпак темир калакча м-н кайрып дарылашкан. Бирок жугуштуу ылаӊдар м-н күрөшүү кыйындыкка турган, жугуштуу кара өпкө м-н ылаӊдаган эчкилерди отору м-н союп жок кылып, башка алыскы жайыттарга көчө качышкан. Малчылар итти кутурмадан сактоо үчүн каӊылжаарынын үстүн туурасынан кызарта ысытылган темир м-н кайрышкан. 1891-жылы падышалык Россияга караган Түркстанда бодонун көк көйнөк (чума) ылаӊынын эпизоотиясы болуп, орус өкмөтү ветеринардык адистерди (анын ичинде ветеринардык врач С. Н. Осокин) Кыргызстанга да жөнөткөн. Ошол эле жылы Чүй өрөөнүндөгү Чалдовар айылында биринчи ветеринардык пункт ачылып, ага Россиядан келген ветеринардык врач В. И. Захаров жетекчилик кылган. Кыргызстанда ветеринардык кызмат негизинен Октябрь революциясынан кийин калыптанган. 1917-жылдан 1970–80-жылдарга чейин мамлекеттик ветеринардык мекемелердин саны кескин көбөйгөн (1917–14; 1970–588; 1980–531) ж-а аларда эмгектенген ветеринардык врачтардын саны да бир кыйла өскөн (1917–5; 1970–877; 1980–872). Кыргызстанда ветеринариянын өнүгүшүнө 1933-жылы түзүлгөн зооветеринардык институтта ветеринардык факультеттин ачылышы чоӊ түрткү болгон. 1950-жылдарда айыл чарба малынын эпизоотиялык ылаӊдары күч алгандыктан, Кыргыз өкмөтү 1956-жылы эпизоотияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн өзгөчө ветеринардык отрядды түзгөн. Ошол эле жылы өтө жугуштуу, улуттук экономикага чоӊ зыян алып келүүчү ылаӊдар м-н күрөшүү максатында ички иштер министрлиги атайын карантиндик милиция бөлүмүн уюштурган. Кыргызстанда ветеринариянын өз алдынча өнүгүшү эгемендүүлүккө жеткенден кийин башталып, 1992-жылы эл аралык эпизоотиялык бюрого мүчө болуп катталды. 1992-жылы 6-мартта КРде биринчи «Ветеринария боюнча мыйзам» кабыл алынып, ал т олукталып, кайрадан иштелип чыгып, КР Жогорку Кеңешии тарабынан 2005-жылы 12-апрелде кабыл алынган. Республикада мамлекеттик ветеринариялык башкармалык түзүлүп, ага Республикалык ветеринариялык башкармалык түзүлүп, ага Республикалык ветеринариялык лаборатория, Агрардык илим жана консультациялык кызмат борборунун Ветеринария илим-изилдөө контролдук иниституту (ветеринариялык дары-дармектерди сертификатто жана стандарттоо боюнча коптролдук лаборатория) , эпизоотияга