ГАУСС Карл Фридрих

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:18, 22 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) (Dilde moved page ГАУСС to ГАУСС Карл Фридрих) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́УСС Карл Фридрих (30.4.1777, Брауншвайг – 23.2.1855, Гёттинген) – немец математиги, астрономия ж-а геодезияга негиз салуучулардын бири. 1807-жылы Гёттинген университетинин профессору ж-а Гёттинген астрономиялык обсерваториясынын директору. Гаусстун эмгектери жогорку алгебраны, сандар теориясын, дифференциалдык геометрияны, тартылыш теориясын, электр ж-а магнетизмдин классикалык теориясын, геодезияны, теориялык астрономиянын бир катар тармактарын өркүндөтүүгө зор таасирин тийгизген. Анын алгачкы эӊ көлөмдүү эмгеги сандар теориясы м-н жогорку алгебрага арналган. Астрономияда Гаусстун (1800–20) эмгектери кичине планеталардын орбиталарын аныктоо проблемаларын чечүүгө ж-а алардын козголушун изилдөөгө байланыштуу болгон. Немис илимпозу В. Вебер м-н бирдикте электр-магниттик телеграфты ойлоп чыгарган. Ал Евклиддик эмес геометрияны (1818) түзгөн.