ГЕНЕТИКАЛЫК ИНФОРМАЦИЯ
ГЕНЕТИКАЛЫК ИНФОРМА́ЦИЯ – укумдан тукумга берилүүчү тукум куума касиет. Организмди түзүүчү заттардын (белоктор ж-а нуклеин кислоталары) курамы, түзүлүшү ж-а зат алмашуу мүнөзү жөнүндө информация, ата-бабадан кийинки тукумга гендердин жыйындысы түрүндө өтөт. Генетикалык информация хромосомада дезоксирибонуклеин кислотасынын (ДНК) молекуласындагы нуклеотиддердин ырааттуу тизмеги түрүндө болот. Ал онтогенез учурунда ген белгилерин көрсөтөт. Жыныстык жол м-н көбөйүүчү организмдерде генетикалык информация укумдан тукумга жыныс клеткалары – гамета, ал эми прокариот микроорганизмдерде генетикалык информация өзгөчө типтеги трансдукция, трансформация аркылуу берилет.