БИРДИК (Ысык Ата районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:11, 22 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДИК – Чүй облусунун Ысык Ата районундагы кыштак. Бирдик айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кант шаарынан 15 км түндүк тарапта. Деӊиз деӊгээлинен 700 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2125 (2005); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, үй бүлөлүк врачтар тобу, мончо, китепкана бар.