ВЕТЕРИНАРИЯ КЫЗМАТЫ
ВЕТЕРИНА́РИЯ КЫЗМАТЫ – ветеринария тармагына тиешелүү болгон практикалык иш уюштуруу ж-а жүргүзүү үчүн түзүлгөн вет. чаралар. В. к-нын негизги милдеттери: өлкөдөгү жаныбарлардын арасында жугуштуу оорулардын пайда болушуна ж-а таркалышына бөгөт коюу, малдын ылаңдарын алдыналуу, дарылоо ж-а элди санит., экол. жактан, жугуштуу агенттерден таза мал чарба ж-а өсүмдүк азык-түлүктөрү м-н камсыз кылуу. Кырг-нда алгачкы В. к. 1924-ж. түзүлгөн ж-а анын жетекчиси ветврач-революционер С. М. Воскресенский болгон. Андан соң В. к-нын тармагы кенейтиле баштаган ж-а жаңы вет. дарылоо, алдыналуу пункттары ар бир аймакта ачылган. Вет. кызмат көрсөтүү ил. негизде жүргүзүлө баштаган. 1940-жылдары Кырг-нда атайын ил. мекеме – Кыргыз ил.-из. вет. тажрыйба станциясы уюштурулган. В. к-ы-нын түзүлүшү, анын милдеттери ж-а иш жүргүзүү принциптери атайын кабыл алынган «Ветеринария жөнүндөгү закондо» каралган. Азыркы мезгилде Кыргыз Респ-касында В. к. мамл., ведомстволук, жекече болуп бөлүнөт. Ал Айыл, суу чарба ж-а кайра иштетүү министрлигинин алдындагы Мамл. вет. департаментке баш иет. В. к-тын тармагын обл., шаардык, райондук, айылдык вет. бөлүмдөр (мекемелер), вет. лаборлар, вет.-санит. ж-а вет. чегаралык карантиндик пунктар түзөт. Б. К. Акназаров.