ВЕТЕРИНАРИЯ САНИТАРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕТЕРИНА́РИЯ САНИТАРИЯСЫ ветери­нариянын малдын ылаңдарын алдыналууну, мал м-н кишиге бирдей жугуштуу ж-а инва­зиялуу оорулардан сактоону, о. эле малдан алынуучу санит. талапка жооп берүүчү про­дуктуларды, сырьёну ж-а тоютту өндүрүү жол­дорун изилдөөчү бөлүмү. Ал вет.-санит. иш­чараларды иштеп чыгат. Булар – зыяндуу орга­низмдердин, ылаңдардын, ылаң ташуучулар­дын киришинен коргоо максатында сөзсүз ат­карылуучу талаптар. Алар вет. закондор м-н чектелет. Малдын ылаңдан соо болушун коргоо б-ча вет.-санит. иш-чараларга төмөнкүлөр ки­рет: мал сарайларында, тоют даярдоо ж-а сак­тоодо, кыкты чогултуп, мал ордун тазалоодо белгилүү режимди кармоо, биол. калдыктарды утилдөө, дезинфекциялоо, дератизациялоо; то­пуракты ж-а сууну булгануудан сактоо ж. б. О. эле малдан алынган продуктулардын, тоют­тун, суунун, мал дарыларынын, жаныбарлар­дын ж-а алардын жашоо чөйрөсүнүн гигиена­сын ж-а багуусун жөнгө салуучу вет.-санит. нор­мативдерди иштеп чыгат. Вет.-санит. бир ка­тар илимдер (экология, физиология, биохимия, эпизоотология, эпидемиология, гельминтооло­гия ж. б.) м-н тыгыз байланышта. Вет. санит. иш-чаралар 19-кылымда Л. Пастердин ачылышта­рынан кийин ил. негизделген, к. Ветеринария, Ветеринария-санитариялык эксперттөө. Ад.: Поляков А. А. Ветеринарная санитария. М., 1979.