«ВЯТКА» АЙЫЛ ЧАРБА ШЕРИКТЕШТИГИ
«ВЯ́ТКА» АЙЫЛ ЧАРБА ШЕРИКТЕШТИГИ – Түн. Кырг-ндагы алгачкы жамааттык а. ч. бирикмелеринин бири. 1919-ж. 20-мартта багбандар м-н жүзүм өстүрүүчүлөрдүн союзу катары Пишпек уездиндеги Молдаван кыш-нда уюшулган. 1922-ж. «Ветка» а. ч. коммунасы болуп кайра түзүлгөн. 1924-ж. январда коммунарлар өз чарбасын В. И. Лениндин ысмы м-н аташкан. Коммунадагы эмгек шарты, турмуш-тиричилик, мад-ты коңшу айыл-кыштактардын тургундарына чоң таасир тийгизген. Аларга малдын тукумун асылдандыруу, мөмө-жемиш бактарынын ж-а жүзүмдүн түшүмдүү сортторун өстүрүү жагынан өрнөк көрсөткөн. Коммуна 1930-ж. колхоз болгон, 1951-ж. бир нече колхоздор биригип, ирилешкен чарбага айланган. 1992- жылга чейин Ленин атн. колхоз, 1992-жылдан «Ветка» а. ч. кооперативи деп аталган.