ВЕТЛУГА
ВЕТЛУ́ГА – Россиянын Киров, Кострома, Нижегород обл. м-н Марий Эл Респ-сынын аймактары аркылуу аккан дарыя, Волганын сол куймасы (Чебоксары суусактагычына куят). Уз. 889 км, алабынын аянты 39,4 миң км2. Суусунун орт. чыгымы 255 м3/сек. Ноябрдан майга чейин муз тоңот. Чатынан 700 кмге чейин кеме жүрөт. Сал агызылат. Боюнда Ветлуга ш. жайгашкан.