«ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ВЕЧЕ́РНИЙ БИШКЕК» – жумасына 5 жолу чыгуучу шаардык гезит. Мурдагы Кырг-н КП БКнын Фрунзе шааркому м-н эл депутатта­рынын Фрунзе шаардык советинин басма орга­ны катары 1958–59-ж. «Вечерняя газета» деген аталышта чыгып турган. 1974-жылдын 1-янва­рынан «Вечерний Фрунзе» аталып, кайрадан жарык көрө баштаган. 1991-жылдан азыркы аталышта. Гезитке «Вечерний Бишкек Басма үйү» ЖАК ээлик кылат. Негизинен шаар жа­ңылыктары, коомдук-саясий, экон., социалдык маселелер чагылдырылат. Жарнама берилет. Ти­ражы 7 миң (жумалык тиражы – 60 миң).