ВЁРСТКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЁРСТКА п о л и г р а ф и я д а – 1) ар кандай көлөмдөгү текст, таблица, сүрөт материалдары­нан белгилүү өлчөмгө же атайын жасалган ма­кетке тууралап китеп, журнал ж-а гезит бетте­рин курап даярдоочу полигр. процесс. Мында китептин бөлүмү, темасы, сүрөтү белгилүү тар­типте жайгаштырылып, бети ж-а бир беттеги саптардын саны аныкталат. В-нын жөнөкөй түрү – бирдей ариптен терилген сүрөтсүз туташ текст, татаалы – ар кандай ариптен турган сү­рөттүү текст. В-нын негизги милдети тексттин логикалык түзүлүшүн табуу, окууга ыңгайлуу­лугун, барактарды ж-а басып чыгарууда ке­ректүү болгон жайгашууларды камсыз кылуу;

2) терилип, версткалангандан кийин катасын оңдоо үчүн окула турган текст барагы (коррек­тура).