ВИБРИОНДОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИБРИОНДОР (лат. vibro – термелем, ийри­лем) – үтүр сымал ийрейген кыска таякча тү­рүндөгү бактериялар. Алардын эки учунда куй­рукчалары болгондуктан, абдан тез кыймылда­шат. Жаратылышта В-дун түрлөрү көп, алар­дын көпчүлүгү зыянсыз; ачык сууда, көлмөдө, топуракта, ичегиде жашайт. Патогендүү түрлөрү жаныбарларда вибриоз, кишиде холера оорула­рын козгойт, к. Вирустар.