ВИВАРИЙ
ВИВА́РИЙ (лат. vivarium, vivus – жандуу дегенден) – көбүнчө лабор. жаныбарларды багуу (кээде көбөйтүү) үчүн ил.-из. мекемелеринин алдындагы жай. В. атайын (иттер, маймылдар ж. б. үчүн) ж-а комплекстүү (ар кандай айбандар үчүн) болуп бөлүнөт.