ВИВЕС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ВЕС (Vives) Хуан Луис (6. 3. 1492, Валенсия – 6. 5. 1540, Брюгге) – испан философу, гуманис­ти ж-а педагог. Католикалык Лувен ж-а Окс­форд ун-теринин профессору, латын тилиндеги 60ка жакын эмгектердин автору. Эразм Роттер­дамский ж-а Томас Мор м-н достук мамиледе болгон. Өзүнүн «Жан жана өмүр жөнүндө» («De anima et vita», 1538) аттуу эмгегинде психоло­гия илимине жаңы жол салган. Эң башкы масе­ле: жан бар экенинде эмес, анын кандайча кө­рүнүшүндө деген. Айрыкча идеялардын ассоциа­циясы (өзара айкалыш байланыштары) м-н жады (эстутум) табияты тууралуу маселелер­дин үстүндө олуттуу иштерди жүргүзгөн. Ошон­дуктан В. жаңы эмпирикалык психологиянын атасы деп эсептелген. Я. А. Коменскийге ж-а И. Лойоланын педагогикалык теориясына В-тин таасири тийген. Анын идеялары испан филосо­фу Уартенин чыг-лыгында андан ары өнүктү­рүлгөн. А. Бекбоев, Т. Абдылдабеков.