ВИГАН
ВИ́ГАН – Филиппиндеги шаар. Түш. Илокос провиниясынын адм. борбору. Калкы 49,1 миң (2006). Лусон а-нын түш.-батышында, Түш. Кытай деңизинин жээгинде жайгашкан. Манила ш. м-н автомагистраль аркылуу байланышат. В-дан 80 км түндүктө Лаоаг эларалык аэропорту бар. Испандар келгенге чейин эле деңиз жээгинде тургун жайлар пайда болуп, алар Кытай, Малайя архипелагындагы мамлекеттер м-н соода байланышында болгон. Шаарды 1572-ж. испандар негиздеген. Колония мезгилинде өлкөнүн Лусондун түндүгүндөгү маанилүү экон. ж-а саясий борбору болгон. Филиппиндеги сакталып калган колония шаары катары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаар «Индий мыйзамына» ылайык курулуп, эстеликтери испандыктардын, кытайлардын, жерг. арх-ралык салттарга шайкеш тургузулган. Ыйык Павел собору, испан ж-а жерг. аксөөктөрдүн туракжайлары, музей (филиал) ж. б. бар. А. ч. өсүмдүктөрүн (шалы, балкамыш, жүгөрү, тамыры жемиш, жашылча, жемиш) өстүрүүчү аймактын борбору.