ВИДЕМАН-ФРАНЦ ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ДЕМАН-ФРАНЦ ЗАКОНУ – металлдардын жылуулук ж-а электр өткөрүмдүүлүктөрүнүн өзара байланышы ж-дөгү закон. Туруктуу темп­рада металлдардын жылуулук өткөрүмдүүлү­гүнүн (x) электр өткөрүмдүүлүгүнө (s) болгон катышы турактуу чоңдукка (C) барабар, б. а. x/s =C. Бул законду нем. физиктери Г. Г. Ви­деман м-н Р. Франц тажрыйба жүзүндө анык­ташкан (1853). Бул катыш абс. темп-рага түз пропорциялаш экендигин даниялык физик Л. Лоренц далилдеген (1882), б. а. х/s =LТ, мында T – абс. темп-ра, L – бардык металлдар үчүн бирдей туруктуу лоренц саны деп аталат (L = 2,45 · 10 –8 ВтОм/K2).