ВИДЕО-АРТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ДЕО-АРТ (англ. video art) – эксперименттик тажрыйбалык изилдөө нугунда пайда болгон (1960) көркөм иск-вонун формаларынын бири. В.-а-тын негизин видеотехника м-н жасалган тажрыйбалар, компьютердик ж-а телекөрсөткүч­түк сүрөттөө түзөт. Чындыкты иллюзия түрүндө берүүнү аныктаган тех. коддун шарт­туулугу м-н маа­нилүүлүгүн заман­бап видеотехника­ны пайдал ануу ж-а ар кандай жолдор м-н тилди анализдөө аркы­луу билсе болот.

Тилди анализдөө


(бул жерде массалык коммуникациянын ви­зуалдык каражаттар тили) В.-а-ты концеп­туалдык көркөм иск-во м-н жакындатат. Бул тармакта Нам Джун Пайк (ал В.-а-тын негиз­дөөчүсү деп эсептелет), Кит Соньет, Уильям Уэг­мен, Клаус Ринке, Брюс Науман, Лес Левин ж. б. сүрөтчүлөр эмгектенишкен.