ВИДЕОЖАЗУУ
ВИДЕОЖАЗУУ (видео... ж-а жазуу) – сүрөттөлүштү, радиолокациялык ж. б. сигналдарды видеомагнитофондун жардамы м-н телевизордун экранынан, компьютердин мониторунан кайрадан көрсөтүү үчүн магнит тасмасына же кинопленкага жазып алуу. Сигналдар дискке термопластикалык ж-а мех. ыкма м-н жазылат. Телекөрсөтүүдөгү В. – даректүү ж-а көркөм программаларды көпкө сактоонун негизги жолдорунун бири. Сигналдарды киноплёнкага жазып, ал плёнканы өңүнө чыгарып, көбөйтүп басып чыгарганга ж-а монтаждаганга караганда видеомагнитофонго В. программадагы берүүлөрдү бүтүндөй же анын айрым бөлүгүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Магниттик плёнкадагы жазылган сүрөттөлүштөрдү бир нече жолу өчүрүп, кайрадан жаңы сигналдарды жазууга болот. В. спектри телеберүүлөр системасында 50 Гц— 6,5 МГц, фототелеграфтык түзүлүштө 80 Гц— 6 кГц, радиолокациялык системаларда 50 Гц — 10 Мгц.