ВИДУГИРИС
ВИДУГИРИ́С Ал ьги мант ас -Cт ани с л ов ас Cтасевич (21.6.1936-ж. т.‚ Литва CCРи, Каунас) – кинорежиссёр‚ Кыргыз CCРинин иск-восуна эмг. сиң. ишмер (1974), Кыргыз CCР эл арт. (1983). Бүткүл союздук мамл. кинематография ин-тун (ВГИК) бүтүргөн (1962).

Чыглык иштери «Кыргызфильм» студиясы м-н байланыштуу. Анын «Кумдагы сепилдер» фильми (1968) О. Азия ж-а Казакстан кинематографисттеринин кароосунда 1-даражадагы дипломго (Фрунзе‚ 1968)‚ кыска метраждуу фильмдердин эларалык фестивалынын сыйл. (Тампер‚ 1970) ж. б. татыктуу болгон. Токтогул ГЭCинин курулушу ж-дө «Нарын күндөлүгү» даректүү фильми (1971) 3- эларалык кинофестивалда Гран-при сыйл. татыган (Франция‚ 1974). «Көзайнекчен» түстүү көркөм телефильми (1973)‚ «Бул кырсык эмес» (1970)‚ «Адам‚ Дөңгөлөк жана Чынар» (1975)‚ «Тынчы жок күн жылы» (1977) ж. б. фильмдери белгилүү.