ВИЗЕ-орус географы
ВИ́ЗЕ 1 Владимир Юльевич [21.2. (5.3).1886, Царское село, учурда Санкт-Петербургдун курамында – 19.2.1954, Ленинград] – орус географы, Арктиканы изилдөөчү, СССР ИАнын корр. мүчөсү (1933). Санкт-Петербург ун-тин бүткөн (1912). 1928-жылдан Арктика ин-тунда ил. кызматкер, 1945-жылдан Ленинград мамл. ун-тинин профессору. Г. Я. Седовдун экспедициясынын (1912–14), «Таймыр» (1921–22), «Малыгин» (1924, 1928, 1931) кемелериндеги экспедицияларга катышкан. «Георгий Седов» (1930), «Сибиряков», «Фёдор Литке» кемелериндеги экспедициялардын ил. жетекчиси. Алгачкылардан болуп Түн. Жери архипелагын түндүктөн айланып, Түн. деңиз жолун батыштан чыгышка бир навигация мезгилинде өткөн. Түн. Муз океандагы калкыма муздардын үстүнө ил. лабор-ды уюштуруу идеясын сунуштаган. В. арктикалык 14 экспедицияга катышкан; көп жылдык тоңду прогноздоонун ыкмасын иштеп чыгып, Арктикалык деңиздердин муздануусунун Арктиканын климатынын пайда болуусуна тийгизген таасирин далилдеген. СССР мамл. сыйл. ээси (1946). Эки Ленин ордени м-н сыйланган. Кара (Карск) деңизиндеги арал, Жаңыжер архипелагындагы бухта, тумшук, муздук, Франц-Иосиф Жери архипелагындагы тумшук В-нын ысмынан атал ган.
Эмг.: Основы долгосрочных ледовых прогнозов для арктических морей. М., 1944; На «Сибирякове» и «Литке» через ледовитые моря. Два исторических плавания 1932 и 1934 гг. М.; Л., 1946; Моря Советской Арктики. 3-е изд. М. Л., 1 948.
Ад.: Буйницкий В. Х. В. Ю. Визе. Л., 1969 (библ.).