«ВИКИНГ»
«ВИ́КИНГ» (Viking) – амер. орбиталык-конуучу станция. Ал Марс орбитасынын айланасын изилдөөчү орбиталык ж-а анын бетине акырын конуучу блоктордон турат. 1975-ж. «Викинг-1» ж-а «Викинг-2» станциялары учурулуп, конуучу блоктору 1976-ж. алгачкы ирет Марстын бетинен фототелевизиондук сүрөттөлүштөрдү жерге жиберген.