ВИКТИМОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИКТИМОЛО́ГИЯ криминологиянын ө з г ө­ч ө б ө л ү м ү, кылмыштын курмандыгы – жабырлануучу ж-дөгү окуу. Жабырлануучу – кылмыш аракетинин кесепетинен жабыр тарт­кан жеке же юрид. жак, криминалдык кыл­мыштан жабырлануучулар, о. эле жабыр тарта элек, бирок өзүнүн жүрүм-туруму, көнгөн адат­тары б-ча кылмыштан жабыр тартышы мүмкүн болгон жак (потенциалдык курмандык). Кыл­мыш аракети багытталган объектинин крими­налдык күчүн көбөйткөн кудурет антивик­тимдүүлүк катары каралат. Кылмыштан жабыр тартуучу жактар реалдуу же калетсиз (курман­дык мүмкүндүгү), аныкталган же аныкталбай калган (катталбаган, эсепте жок), түз же бол­босо кыйыр болушу ыктымал. Учурда вик­тимдүүлүк катары субъектинин моралдык-пси­хикалык гана эмес, анын социалдык мүнөздө­мөсү да (социалдык абалы, эсалуу учурундагы, үйбүлөдөгү, жекече жашоо турмушундагы, өндүрүштүк жумуштагы орду, кызмат абалы ж. б.) каралат. Виктимдүү социалдык статустар­га мисал катары: кароолчу, кассир, инкассатор­лорду киргизүүгө болот. Эларалык келишимдер­де, нормативдик актыларда, макулдашууларда аялдар, балдар, карылар ж-а майыптар социал­дык статусу жогорку мүнөздөгү виктимдүүлүккө ээ субъектилер катары өзгөчө белгиленип, кор­гоого алынышы каралган. Криминологияда мын­дан тышкары жашоо-тиричилик чөйрөсүнө, иштеген жумушуна ылайык башка социалдык статуска ээ адамдардын виктимдүүлүгү (жалда­нып иштөө, жыныстык, кумар чөйрөсүндө ж. б.) белгиленет. Юрид. жактардын виктимдүүлүгү да алардын жүргүзгөн иш-аракетине жараша бо­лот. Мис., компьютердик кылмыштар көбүнчө банктарга ж-а анын кардарларына багытталат.


Өзүн-өзү коргоо кудуретин төмөндөтүүчү кыр­даалдар да болушу мүмкүн, ал виктимдүү кыр­даалдар деп аталат. Мис., караңгы аймак, түнкү мезгил, ээн калтырылган үй, ээн талаа, ээн жол. Мындан тышкары виктимдүү кырдаалга үйбү­лөдөгү көптөн бери созулуп келе жаткан жаң­жал, аскер кызматын өтөп жүргөн катардагы жоокерлердин ортосундагы чыр-чатактар да кирет. А. Ш. Шаршеналиев.