ВИКТОРИЯ (шаркыратма)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИКТО́РИЯ 1 – Дүйнөдөгү эң ири шаркыратма­лардын бири, Түш. Африкадагы Замбези д-нда. Бийикт. 120 м, туурасы 1800 м. ГЭС курулган. Туризм өнүккөн. Шаркыратманы жерг. эл Мо­си-Оа-Тунья («дүңгүрөгөн түтүн» деген мааниде)


же Сеонго («Көкжеле») деп атайт. Суусунун орт. чыгымы 1400 м3/сек чамасында (өтө өзгөрүп турат). Виктория-Фолс (Зимбабведе) ж-а Моси- Оа-Тунья (Замбияда) улуттук парктарынын ку­рамында. Шаркыратманы 1855-ж. Д. Ливингс­тон ачып, аны англ. королеванын урматына ата­ган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кир­гизилген.