ВИКТОРИЯ (Сейшель Аралдары мамлекети­нин борбору)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИКТО́РИЯ 2 – Сейшель Аралдары мамлекети­нин борбору. Калкы 22,6 миң (2006). Маэ а-нын түн.-чыгышында жайгашкан. Инди океанынын жээгиндеги порт (копра, кокос ж-а эфир майла­ры, ванил, корица, балык экспорттолот). Эла­ралык аэропорту бар. 1778-ж. Порт-Руаяль де­ген ат м-н негизделип, 1841-ж. королева Викто­риянын урматына аталган. 1903–76-ж. англ. колониянын адм. борбору, 1976-жылдан көзка­ранды эмес Сейшель Аралдары Респ-нын борбо­ру. Саат мунарасы (1903; Лондондогу Биг-Бен сааты м-н Ыйык Стефан мунарасынын көчүр­мөсү), собор, политех. ин-т (1983), улуттук ки­тепкана (1910) ж-а музей (1964) бар. Ботан. бак (1901), орхидея гүлдөрү бакчасы уюшулган. Шаардын экономикасынын негизин чет элдик туризм ж-а балыкчылык түзөт. Тамак-аш (а. и. балык беленделет, пиво кайнатылат), тамеки, эмерек өнөржай ишканалары иштейт. Кустар­дык колөнөрчүлүк өнүккөн. В-га жакын улут­тук Ыйык Анна деңиз паркы жайгашкан.