ВИКТОРИЯ (Сейшель Аралдары мамлекетинин борбору)
ВИКТО́РИЯ 2 – Сейшель Аралдары мамлекетинин борбору. Калкы 22,6 миң (2006). Маэ а-нын түн.-чыгышында жайгашкан. Инди океанынын жээгиндеги порт (копра, кокос ж-а эфир майлары, ванил, корица, балык экспорттолот). Эларалык аэропорту бар. 1778-ж. Порт-Руаяль деген ат м-н негизделип, 1841-ж. королева Викториянын урматына аталган. 1903–76-ж. англ. колониянын адм. борбору, 1976-жылдан көзкаранды эмес Сейшель Аралдары Респ-нын борбору. Саат мунарасы (1903; Лондондогу Биг-Бен сааты м-н Ыйык Стефан мунарасынын көчүрмөсү), собор, политех. ин-т (1983), улуттук китепкана (1910) ж-а музей (1964) бар. Ботан. бак (1901), орхидея гүлдөрү бакчасы уюшулган. Шаардын экономикасынын негизин чет элдик туризм ж-а балыкчылык түзөт. Тамак-аш (а. и. балык беленделет, пиво кайнатылат), тамеки, эмерек өнөржай ишканалары иштейт. Кустардык колөнөрчүлүк өнүккөн. В-га жакын улуттук Ыйык Анна деңиз паркы жайгашкан.