ВИКТОРИЯ ЧОӉ ЧӨЛҮ
ВИКТО́РИ Я ЧОӉ ЧӨЛҮ – Ав стралиянын түштүгүндөгү кумдуу чөл. Аянты 300 миң км2. Деңиз деңг. орт. бийикт. 150–300 м. Дайыма жүрүп туруучу шамалдын багытына карай жаткан кум жалчалары басымдуу (бийикт. 10– 30 м); ал спинифекс өсүмдүктөрүнүн тамырлары м-н бекемделген. Жылдык жаан-чачыны 125–250 мм. Улуттук парк уюшулган.