ГРИГ Нурдаль

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИГ Нурдаль (1. 11. 1902, Берген – 2. 12. 1943, Берлинге жакын жерде) – норвег жазуучусу, акын, драматург, журналист, Норвегияда соц. реализм ад-тынын баштоочусу. «Илгери Үмүт тумшугунун айланасында» (1922), «Сел алган таштар» туӊгуч ыр жыйнагы (1925) ж-а «Кеме сапарын улайт» романы (1924) моряктардын турмушуна арналган. Согушка, империализмге каршы «Норвегия биздин жүрөктөрдө» ыр жыйнагын (1929), «Биздин атак, биздин күч» драмасын (1935), 1936–39-ж. Испаниядагы гражд. согушка катышып, «Испаниядагы жай айлары» публ. макалалар жыйнагын (1937) ж-а Париж коммунасына (1871) арналган «Жеӊилиш» аттуу элдик баатырдык драмасын (1937) жазган. Согуш мезгилиндеги ырлары жашыруун таратылып, «Азаттык» (1945), «Үмүт» (1946) сыяктуу ыр жыйнактарына киргизилген. Мындан тышкары «Эрте өлгөндөр» сын жыйнагынын (1932), «Кытай күндөлүгү» публицистикасынын (1927), «Варрава» (1927), «Атлантика океаны» (1932) ж. б. чыгармалардын автору. Ал прогрессчил «Вейен фром» («Veien frоm») журналын негиздеген. Ад.: Крымова Н. И. Нурдаль Григ. М., 1965.