ВИЛЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ЛЛА (лат. villa – короо-жай, кыштак) – шаар сыртына курулган бак-дарактуу үйдүн бир түрү. В-лар б. з. ч. 3-кылымда Италияда пайда болуп, 2– 1-кылымда бүткүл Жерортолук деңиздин боюна та­раган. Бул учурдагы В-лар туракжай ж. б. ку­рулуштардан турган арх-ралык комплекстен түзүлгөн.

Страдагы Пизани вилласы (Түндүк Италия). 1720-ж. курулган. Арх. Ж. Фриужимелина, Ф.-М. Прети.

Кийинчерээк (империя доорунда) тер­расалуу, парк-павильондору бар В-лар салын­ган. 15–17-кылымда В. салуу Италияда өнүккөн. Кайра жаралуу доорунун орто ченинде башкы имараты – казиносу бар В. куруу салтка айлан­ган. 19-кылымдан шаар сыртына же демалуучу жай­ларга салынган бак-паркы бар комфорттуу үйлөр В. деп аталат.