ВИЛЬГЕЛЬМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИЛЬГЕ́ЛЬМ II Гогенцоллерн (27.1.1859, Бер­лин – 4.6.1941, Нидерланд, Дорн) – Германия императору ж-а Пруссия королу (1888–1918). Вильгельм Iнин небереси. 1890-ж. ал Бисмарк­ты от ставкага к етүүгө мажбурлап, ө зүнүн дүйнөдө Германиянын гегемондугун бекемдөөгө багытталган «жаңы багыт» саясатын жүргүзө баштаган. Биринчи дүйнөлүк согушту чыгаруу­га активдүү көмөк көрсөткөн. 1918-жылдын 9-ноябрындагы рев-яда тактан кулатылып, Ни­дерландга качып кеткен. 1918-ж. 28-ноябрда тактыдан баш тарткан.