ВИЛЬСОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ЛЬСОН , У и л с о н Томас Вудро (28.12.1856, Стантон – 3.2.1924, Вашингтон) – АКШнын 28- президенти.

Принстон ун-тин бүтүргөн (1879). 1883-ж. ил. карьерасын баштап, 1886-ж. фило­софия доктору наамын алган. 1890–1902-ж. проф., 1902–10-ж. Принстон ун-тинин президен­ти, 1910–12-ж. Нью-Жерси шт атынын гу бернат ору . 1913–21-ж. Демокр. парти­ядан АКШнын Президент­тигине шайланган. «Жаңы эркиндиктер» деп аталган программасын иштеп чы­гып, анда атаандаштыкты колдонуу, коррупция м-н күрөшүүнү күчөткөн. Тыш­кы саясатта алгач бейтарап абалды сактоону жактап, кийин Германияга каршы согушка катышуу чечимине келген. 1917-ж. 6-апрелде АКШ Германияга каршы со­гуш жарыялаган. Ушундан тарта В. согуштан кийинки дүйнөлүк тартип орнотуунун негизги принциптерин камтыган «14 пункт» деп атал­ган программасын иштеп чыккан. Анын бир пунктунда камтылган эларалык коопсуздукту камсыз кылуу б-ча мамлекеттер аралык уюм­ду – Улуттар Лигасын түзүү идеясы согуштан кийинки Париж тынчтык конф-ясында ишке ашкан, бирок, анын бул идеясын АКШнын Се­наты колдобой, Версаль тынчтык келишимин (1919) ратификациялоодон баш тарткан. Пре­зиденттик мөөнөтү аяктаган соң, В. саясий иш­мердүүлүгүн токтоткон.