ВИЛЮЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИЛЮ́Й (якутча – Б и л ю) – негизинен Якутия­дагы дарыя. Ленанын сол куймасы. Уз. 2650 км, алабынын аянты 454 миң км2. Ортоңку Сибирь бөксөтоосу ж-а Борб. Якут түздүгү аркылуу агып өтөт. Чернышевский кыш. тушта ГЭС ж-а суусактагыч курулган. Негизги куймалары: Чона, Улахан-Ботуобуя, Оччугуй-Ботуобуя (оң), Ыгыатта, Марха, Тюнг (сол). Орт. чыгымы 1480 м3/сек. Октябрдын ортосунан майдын орто ченине чейин тоңот. Чатынан 1371 кмге (суу­сактагычтан суу коё берилгенде Чернышевский кыш-на чейин) кеме жүрөт. Балык (осётр, тай­мень, ленок, нельма, чир) кармалат. Башкы порттору: Чернышевский, Нюрба, Вилюйск.