ВИНДЕЛЬБАНД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́НДЕЛЬБАНД (Windelband) Вильгельм (11.5. 1848, Потсдам – 22. 10. 1915, Гейдельберг) –
33–100


немис философу, неокантчыл Баден мектебинин жетекчиси. «Байыркы философия тарыхы» (1888), «Жаңы философия тарыхы» (1870–80) аттуу эмгектердин автору. В. бул чыг-нда Кант­тын дуализминен арылууга аракеттенген ж-а Канттын «өзүндө нерсе» деген теориясын четке каккан. Философияга баарына бирдей кабыл­данган жалпы «баалуулуктар» ж-дөгү сынчыл илим катары аныктама берген. Ал баалуулук­тардын логикалык, этикалык, эстетикалык ж-а диний түрлөрүн ажыратып, бөлүп, аларды төмөндөн өйдөнү көздөй көтөрүлүп бараткан баскычтар сымал сыпаттап түшүндүргөн. Адам­дардын эркинен ж-а адамдын кызыкдарлыгы­нан эркин болгон эстетикалык баалуулуктар­ды этикалык баалуулуктардан жогору койгон. Т. Абдылдабеков, А. Бекбоев.