ВИНДЗОРЛОР ДИНАСТИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИНДЗОРЛОР ДИНАСТИЯСЫ – 1901-жылдан такка келген англ. королдор династиясы (тектүү немецтик Кобург тукумунан тараган, ошондук­тан 1901-жылдан Саксен-Кобург-Гот, 1917-жыл­дан В. д. аталган). Биринчи дүйнөлүк согуш учу­рунда антигермандык маанай күчтүү болгондук­тан, королева Виктория м-н немис принци Аль­берт Саксен-Кобург-Готскийдин никелешүүсүнө байланышкан немистик титулдарын король Георг V алып салууну чечкен. В. д. аталышы узак убакыт бою британдык монархтардын резиден­циясы болуп келген Беркширдеги Виндзор се­пилинин атынан аталган. Өкүлдөрү: Эдуард VII, Георг V, Эдуард VIII, Георг VI. Учурда башка­рып жаткан королева Елизавета II (1952-ж. такка отурган) В. династиясынын акыркы өкүлү болуп саналат, анын уулдарынын биринин так­ка келиши м-н жаңы династиянын башкаруусу башталат.