ВИНЕР
ВИ́НЕР (Wiеner) Норберт (26.11.1894, Колумбия, Миссури штаты – 19.03.1964, Швеция, Стокгольм) – амер. окумуштуу, философия доктору, проф. 14 жашында жогорку матем. билимге ээ болгон, 18 жашында матем. логикадан диссертация жактап, философия доктору наамын алган. «Мен вундеркиндмин» китебинде өзүнүн бала чагын баяндаган (1953). Массачусетс технол. ин-тунда мугалим (1919), проф. (1932-жылдан). Матем. логика ж-а теор. физика, потенциал теориясы, гармониялык функциялар, жалпы гармониялык анализ ж. б. б-ча эмгектери бар (1920–30). А. Н. Колмогоров м-н байланышпастан, стационардык кокустук процесстеринин интерполяция ж-а экстраполяция теориясынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Жогорку процесстер үчүн фильтрация теориясын иштеп чыккан, ал техникада кеңири колдонулат. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда В. электр тармактары, эсептөө техникасы ж-а баллистикалык эсептөөлөр б-ча изилдөө иштерин жүргүзгөн. 1945–47-жылдары Мехико ш-нда кардиология ин-тунда иштеген. Ошол жылдары башкаруу процесстери ж-а информацияны кайра иштеп чыгуу ж-а аны аралыктан берүү б-ча бирдиктүү илим түзүү ж-дөгү ойлорун айтып, илимге кибернетика терминин сунуштаган. Эмг.: Кибернетика и общество. М., 1958; Интеграл Фурье и некоторые его приложения. М., 1963; Новые главы кибернетики. М., 1963.