ВИННИЦА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ННИЦА – Украинанын түш.-батыш бөлү­гүндөгү шаар, Винница обл-нун адм. борбору. Калкы 351 миң (2006). Днепр бою дөңсөөсүндө, Түш. Буг д-нын боюнда жайгашкан. Жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. Алгач 1362- жылдан Литва чеби катары эскерилет. 1569-ж. Люблин униясы б-ча Польшанын, 1793-ж. Рос­сиянын курамында болгон. Киев – Балтика те­миржолунун курулушунан кийин В. ири соода борборуна айланган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде катуу талкаланган. Жыгач чиркөө­лөр, иезуиттер (17-к.), доминикчилер (18-к.) ж-а капуциндер (18-к.) монастырлары сак­талган. Ю. А. Гагарин атн. аянт ансамбли, Н. И. Пироговдун бальзамдалган сөөгү коюлган чиркөө-мавзолей, 9 ил.-из. ин-ту, ун-ттер, ки­тепканалар, музейлер, муз.-драма, куурчак, ка­мералык театрлар бар. Машина куруу (трактор, комбайндарга тетиктер), хим. (лак-сыр мате­риалдары, синтездик кир жуучу каражаттар ж. б.), жеңил, тамак-аш өнөржай ишканалары иштейт.