ВИНОГРАДНЫЙ (Чүй районундагы кыштак)
ВИНОГРА́ДНЫЙ – Чүй обл-нун Чүй р-нундагы кыштак. Сайлык айыл өкмөтүнө караштуу. Чүй д-нын боюнда жайгашкан. Райондун борбору Чүй кыш-нан ж-а Токмок темиржол бекетинен 5 км аралыкта. 1942-ж. негизделген. Деңиз деңг. 800 м бийиктикте. Калкы 1054 (2005); негизинен жүзүмчүлүктө, дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП, китепкана бар.