ВИНОГРАДОВ Виктор Сергеевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИНОГРА́ДОВ 3 Виктор Сергеевич [26.2(10.3). 1899, Калуга губ., Истикс кыш. – 5.10.1993, Москва] – музыка изилдөөчү, Кыргыз ССРи­нин иск-вого эмг. сиң. ишмери (1957). 1921-жылдан РСФСР композиторлор союзунун башкармасынын ж-а ЮНЕСКОнун элдик му­зыка б-ча эларалык кеңеши­нин мүчөсү.

В. Москва кон­серваториясынын теория ж-а композиция ф-тин бү­түргөн (1922–29). Ал 300гө жакын макаланын ж-а он­дон ашык китептин автору. В-дун «Советтик Кыргыз­стандын музыкасы» (1939), «Токтогул Сатылганов жана кыргыз акындары» (1952), «Кыргыз эл музыкасы» (1958), «Атай Огонбаев» (1960), «Муратаалы Күрөңкөев» (1962), «Токтогулдун музыкалык мурасы» (1960) аттуу чыгармалары, кыргыз элдик ж-а профессионал музыкасынын өсүш жолуна, тарыхына, айрым музыканттардын чыг-лыгына арналган. Ал ка­зак, өзбек, тажик, түркмөн ж-а азербайжан эл­деринин вокалдык ж-а аспаптык музыкасы ж-дөгү эмгектердин автору. В. кыргыз музыка­сы ж-дө 1938-жылдан жаза баштаган. Анын эм­гектери немец, араб, француз, англис, болгар, чех ж. б. тилдерге которулган, чет элдик музы­ка изилдөөчүлөр В-дун эмгектерине жогору баа берген. Бир топ эларалык жыйындарда кыргыз музыкасы ж-дө мазмундуу докладдарды жаса­ган. Алардын айрымдары АКШдан, Лондондон чыгуучу бюллетендерге басылган (1965). В-дун редакторлугу м-н 1957-жылдан «Союздаш рес­публикалардын музыканттары жана музыкасы» деген сериялык китепчелер чыккан. Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1967). Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйлан ган.

Ад.: Алагушов Б. Кыргыз музыкасынын чалгын­чысы. Ф., 1969.