ВИНОГРАДОВ Иван Матвеевич
ВИНОГРА́ДОВ Иван Матвеевич [2 (14).9.1891, Россия, Псков обл., азыркы Великие Луки р-ну, Милолюб кыш. – 20.03.1983, Москва] – математик, СССР ИАнын акад. (1929), эки жолку

Соц. Эмг. Баатыры (1945, 1971), Петербург ун-тин бүткөн (1914). 1918–20-ж. Пермь ун-тинде, 1920–34-ж. Ленинград политех. ин-тунда ж-а Ленинград ун-тинде доцент, проф. 1932-жылдан СССР ИАнын Математика ин-тунун директору, «Математика энциклопедиясынын» (1–5-т., М., 1977–85) башкы редактору, «Известия АН СССР. Серия математическая» журналынын башкы редактору (1948). В. 20-кылымда математикада чечүүгө мүмкүн эмес деп эсептелген проблемаларды чечкен, тригонометриялык суммалар ыкмасын түзгөн. Лондон король коомунун (1942), көптөгөн башка ил. мекемелердин ж-а дүйнөлүк коомдордун ардактуу мүчөсү болгон. М. В. Ломоносов атн. алтын медаль алган (1971). Ил. эмгектери негизинен анализдик сандар теориясына арналган. Лениндик (1972) ж-а СССР мамл. (1941, 1983) сыйл. лауреаты. 6 Ленин, Октябрь Революциясы ордендеринин ээси. Россия ИАда И. М. Виноградов атн. сыйлык белгиленген (19 93).
Эмг.: Избр. труды. М., 1952; Метод тригонометрических сумм в теории чисел. М., 1980; Основы теории чисел. М., 1981.