ВИРГИН АРАЛДАРЫ
ВИРГИ́Н АРАЛДАРЫ , В ё р ж и н (Virgin Islands) – Вест-Индиядагы шуру рифинен түзүлгөн майда аралдар тобу (100дөн ашык). Кичи Антил аралдары архипелагынын түн. бөлүгүндө, Пуэрто-Рико а-нан чыгышта жайгашкан. Атлантика океаны ж-а Кариб деңизи м-н чулганат. Жалпы аянты 0,5 миң км2ден ашык. Мезозой-кайнозой заманынын акиташтегинен

түзүлгөн. Ири аралдарында (Сент-Томас, Тортола ж. б.) байыркы кристаллдык ж-а жанартоо массивдери кездешет. Бийикт. 527 мге чейин (Тортола а-ндагы Род-Таун чокусу). Климаты тропиктик, пассаттык, ысык (айлык орт. темпрасы 24°–26°С), дайыма нымдуу (жылдык жаан-чачыны 1000–1500 мм); тез-тез ураган (катуу шамал) болуп турат. Тортола а-нда гана агын суу бар. Ферралит топурагы басымдуу. Дайыма жашыл нымдуу токоюнун 2/3
бөлүгү а. ч. жерлерине айландырылган. В. а. 1493-ж. Х. Колумб тарабынан ачылган. Аралдын батыш бөлүгү АКШга, чыгышы Улуу Британияга таандык.
В и р г и н а р а л д а р ы АКШнын инкорпорацияланбаган (курамына кирбеген) аймагы. 68 аралды камтыйт (а. и. 65и майда ээн арал). Жалпы аянты 352 км2. Калкы 112,3 миң (2006). Ири аралдары: Санта-Крус (Сент-Круа; аянты 212 км2; калкы 54,7 миң), Сент-Томас (80 км2; 52,9 миң), Сент-Жон (49 км2; 4,7 миң). Адм. борбору – Шарлотта-Амалия (Сент-Томас а-нда; калкы 10,4 миң). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – АКШ доллары. Ички дүң продукциясы 2,5 млрд долларды (АКШ; киши башына бөлүштүргөндө 17,2 миң; 2002) түзөт. ИДПде тейлөө чөйрөсү 80%ти түзүп, эмгекке жарамдуу калктын 80% ушул чөйрөдө, 19% өнөржай м-н курулушта, 1% а. ч-нда эмгектенет. Экономикасынын негизин чет өлкөлүк туризм түзөт (ИДП- нин 70%). Жыл сайын 2 млнго жакын турист келет (негизинен АКШдан). Офшордук кызмат көрсөткөн банк-финансы сектору тез темп м-н өнүгүүдө. Өнөржай ишканалары негизинен Санта-Крус а-нда топтолгон. Нефть ажыратуучу ж-а глинозём ири з-ддору, электрондук приборлор, пластмасса, медикаменттер, кыл торко кийимдер, импорт компоненттерден саат жасоочу өнөржайлары иштейт. Кустардык колөнөрчүлүгү (жыгачтан буюм жасоо) өнүккөн. Азыктүлүк негизинен сырттан алынат. Аймагынын 12%ин айдоо аянты, 3%ин көп жылдык өсүмдүктөр ээлейт. Акжүгөрү, балкамыш, жашылча ж-а жемиштер өстүрүлөт. Санта-Крус а-нда мал асыралат. Автомобиль жолунун уз. 1,26 миң км. Ири порттору – Кристианстед, Фредерикстед (Санта-Крус а-нда), Шарлотта-Амалия (Сент-
Томас а-нда), Крус-Бей (Сент-Жон а-нда). Паром аркылуу Британиялык Виргин аралдары м-н байланышат. Эки эларалык аэропорту бар. Сырткы соодасын АКШ ж-а Пуэрто-Рико м-н жүргүзөт. Сыртка негизинен нефть продукциясын чыгарат. Сырттан чийки нефть, азык-түлүк, күндөлүк керектелүүчү товарларды ж-а курулуш материалдарын а лат.
Б р и т а н и я л ы к В и р г и н а р а л д ар ы Улуу Британиянын океан мейкиндигиндеги алыскы аймагы. Жалпы аянты 153,4 км2 болгон 40 аралды камтыйт (а. и. 20га жакыны ээн арал). Калкы 22 миң (2006; 80% иммигранттар). Ири аралдары: Тортола (аянты 59,2 км2; калкы 18 миң), Анегада (38,6 км2), Вержин-Горда (21,2 км2). Адм. борбору – Род-Таун (Тортола а-нда; калкы 8,6 миң). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – АКШ доллары. Ички дүң продукциясынын көлөмү 12,5 млрд долларды түзөт (киши башына бөлүштүргөндө 38,5 миң доллар). Экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (ИДП- нин 90%; калктын 90% иштейт), о. эле туризм, финансы кызматы түзөт. Жыл сайын 500 миңге жакын турист келет (негизинен АКШдан). 1980-жылдын орто ченинен дүйнөлүк масштабдагы офшор борборуна айланган; негизинен офшордук фирмаларды каттоо м-н алектенет. 350 миңге жакын коммерциялык, 400гө жакын камсыздандыруу компаниялары, 2,6 миңден ашык пай фонддору бар (2002). Туз, кум ж-а шагыл казылып алынат. Ром өндүрүшү, курулуш материалдар, кийим-кечек, сейилдөөчү кемелерди куруу ишканалары иштейт. Топурагынын күрсүздүгүнөн а. ч. жакшы өнүккөн эмес; азык-түлүккө болгон муктаждыктын 9/10 бөлүгүн гана камсыз кылат. Үй куштары, бодо мал асыралат. Жашылча-жемиш, балкамыш, банан, кокос жаңгагы өстүрүлөт. Балык кармалат (жылына миң т). Автомобиль жолунун уз. 177 км (2002). Аралдар ортосунда ж-а АКШнын Виргин Аралдары м-н паром аркылуу байланышы бар. Биф-Айленд а-нда (Тортола а. м-н көпүрө аркылуу байланышат) эларалык аэропорту бар. Импортко караганда экспорт басымдуу. Негизги соода шериктери – Пуэрто-Рико, АКШнын Виргин аралдары, АКШ.
Ад.: Виргинские острова // Большая Российская энциклопедия. Т. 5. М., 2006. Р. Карачалова.